Бишкекте сойкулук уюштурганга шектелген аял кармалды
- 1 месяц мурун
Бишкек шаарында сойкулук уюштурган шектүү аял кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
11-декабарь күнү болжол менен саат 3:00 чамасында Бишкек ШИИББинин “102” кызматына Түгөлбай-Ата көчөсүндө “притон” уюштурулгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
«Чакыруу болгон жерге Биринчи май РИИБдин ыкчам-тергөө тобу барган учурда, кыздар интимдик кызмат көрсөткөндүгү тастыкталган. Тергөөнүн жүрүшүндө күбөлөрдүн айтымында, С. аттуу аял кыздарды сойкулукка тартып, шарт түзүп берип жүргөн», — деп жазылат маалыматта.
Аталган факт Биринчи май РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесине (сойкулукка жана ыпластыка көмөктөшүү) ылайык кылмыш иши козголгон.
1987-жылы туулган А.С. аттуу шектүү кармалган. Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда кылмыш ишин тергөө иштери улантылып жатат.