Бишкекте шахмат аллеясы ачылды
- 5 ай мурун
- Фоторепортаж
Бишкекте Токтогул көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишинде «Шоро» компаниясынын шахмат аллеясы ачылды.
Шахмат аллеясынын ачылышына 22-июлда кыргыз шахмат союзунун, тогуз коргоол федерациясынын өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.
Кызыл лентаны Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов жана «Шоро» жабык акционердик коомунун башкы директору Кайрат Эгембердиев кесип, аны менен катар акимчиликтин ыраазычылык каты тапшырылды.
Мындан тышкары, Эл аралык шахмат күнүнө жана аллеянын ачылышына карата уюштурулган шахмат жана тогуз коргоол боюнча мелдештин жаш жеңүүчүлөрү сыйланышты.
Иш-чара симфониялык оркестрдин күүлөрү менен коштолуп, ар кандай викторина, сынак, интерактивдүү оюндар, шахматтык оюндар уюштурулду.
Стол оюндарын сүйүүчүлөр мындай шахмат аянтчасында убакыт өткөрө алышат жана келечекте чоңдор, мектеп окуучулары жана мектеп жашына чейинки балдар арасында шахмат жана тогуз коргоол ойноо боюнча турнирлерди, мастер-класстарды өткөрүү пландалууда.



Сүрөттөр: Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы