Бишкекте ресторандын унаа токтотуучу жайында мушташкандар аныкталды  

  • 1 год мурун

2025-жылдын 21- августунда социалдык тармактарда Бишкек шаарынын Анкара көчөсүндө жайгашкан ресторандардын биринин унаа токтотуучу жайында белгисиз адам мушташып жаткан видеосу тараган. Октябрь райондук ИИБ бейбаштык кылгандарды аныктады.

Бул тууралуу Октябрь райондук ИИБ басма сөз кызматы билдирди.   

Аталган факт Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер ашкармалыгында  катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

«Милиция кызматкерлери тарабынан 1991-жылы туулган Ж.Ж., 1991-жылы туулган З.А., 1993-жылы туулган К.К., 1992-жылы туулган С.Б. жана 1992-жылы туулган К.Э. аттуу жарандар, укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренесине(майда бейбаштык) ылайык протокол түзүлүп, соттун чечими чыкканга чейин райондук башкармалыктын убактылуу камерасына камакка алынды» деп айтылат маалыматта.

Сүрөттөр: Октябрь РИИБ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты