Бишкекте президенттик балаты өтөт

  • 3 года мурун

Бүгүн, 24-декабрда, Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында жаңы жылдык балаты өтөт. Иш-чарага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров катышат. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Президенттик балатыга өлкөнүн бардык аймактарынан 8 жаштан 14 жашка чейинки 1100 бала чакырылды. Анын ичинде окуунун отличниктери, олимпиадалардын, эл аралык сынактардын жана турнирлердин жеңүүчүлөрү, балдар үйүнүн тарбиялануучулары, Ооганстандын Кичи жана Улуу Памириндеги этникалык кыргыздардын, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин балдары жана кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон аскер кызматкерлеринин, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар бар.

Жаңы жылдык театрлаштырылган концерттик программа КТРК, республикалык жана облустук телеканалдардын, ошондой эле социалдык түйүндөрдө түз эфирде чагылдырылат.

Түз эфирдин башталышы — 10:55.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты