Бишкекте пилоттук режимде түнкү автобус каттамдары ишке киргизилет

  • 2 недели мурун

Бишкек шаарында 3-июлдан тартып саат 23:00дөн саат 05ке чейин пилоттук режимде муниципалдык түнкү автобус каттамдары иштей баштайт.

Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.  

Биринчи этапта №3, №16, №19, №35, №45 жана №55 каттамдары ишке киргизилет. Ар бир каттамда үчтөн автобус каттайт.

Автобустар күн сайын бекитилген графикке ылайык, саат 23:00дөн 05:00гө чейин каттайт.

Жол кире акысы төмөнкүдөй болот:

— накталай эмес төлөм (банктык карта, транспорттук карта же QR-код аркылуу төлөгөндө) — 70 сом;
— накталай төлөм — 90 сом.

Иллюстрациялык сүрөт: bishkek.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты