Бишкекте  перинаталдык борбор Германия өнүктүрүү банкынын (KFW) грантынын эсебинен курулууда

  • 10 месяцев мурун

МинКаб төрагасы ачылуу алдында турган перинаталдык борбордун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Дүйнөлүк стандартка ылайык курулган бул перинаталдык борбор жакын арада заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылат

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басмс сөз кызматы билдирди.

Медициналык мекемеде кош бойлуу мезгилде патологияга чалдыккан аялдарга жана патологиясы бар жаңы төрөлгөн ымыркайларга медициналык жардам көрсөтүлөт. Ооруканада 100дөн ашуун бейтапка орун каралган.  

Бул перинаталдык борбордун курулушу Германия өнүктүрүү банкынын (KFW) гранттык каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүүдө. Борбор ушул жылдын аягына чейин ишке берилиши күтүлүүдө.

МинКаб төрагасы белгилегендей, медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында мындай перинаталдык борборлор Ош жана Талас облустарында дагы курулат. 

Андан ары МинКаб төрагасы Бишкектеги медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасына барып, ооруканын жаңы хирургиялык кабыл алуу бөлүмүн реконструкциялоо иштери менен таанышып чыкты.

Сүрөт: МинКаб. басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты