Бишкекте накталай жол кирени 40 сомго жогорулатуу боюнча долбоор коомдук талкууга чыкты

  • 4 недели мурун

Бишкекте накталай жол кирени 40 сомго жогорулатуу боюнча токтом долбоор коомдук талкууга чыкты. Бул тууралуу мэриянын Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору Уланбек Бейшенбаев 16-январда Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу үч комиссиясынын жыйынында билдиргенин «Азаттык» жазып чыкты.

Анын айтымында, накталай эмес жана накталай төлөмдүн ортосунда үч сом гана айырма болгондуктан эл дагы деле жол кирени накталай берип жатат.

Маалыматка ылайык, токтом долбоорду Бишкек шаардык мэриясы демилгеледи.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты