Бишкекте мыйзамсыз жер сатууга байланыштуу жети адам кармалды
- 9 месяцев мурун
Бишкектин Көк-Жар жаңы конушунун 172-контурундагы жерлердин сатылышына байланыштуу жети адам кармалды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкы башкармалыгы кабарлады.
Кармалгандар 2007-жылдан бери 141 гектардан ашык айыл чарба багытындагы жер тилкелерин курулуш кылууга мыйзамсыз өткөрүп, андан ары турак жай салууга сатышканы аныкталган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен кылмыш иши козголду.
Энергетика министрлигине караштуу энергетикалык көзөмөл кызматынын мурдагы башчысы (Т. М.К.), “ТТ ГЭС” ишканасынын директору (Д.К.Т.), ушул эле ишкананын башкы энергетиги (Ж.У.А.), Энергетика министрлигинин бир кызматкери (Э.С. У.) кармалды. Андан тышкары Бишкек мэриясынын Көк-Жар муниципалдык аймактык башкармалыгынын мурдагы жетекчиси (А.Р.К.), “Добулбас” коомдук уюмунун (Д.Т.К.) башчысы жана дагы бир адам (И.Г.О.) кармалды.
Маалыматка караганда, Биринчи май райондук сотунда шектүүлөрдүн бөгөт чарасы каралып, кармалгандар Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынды.




