Бишкекте мектептерде окуу эки күн онлайн өтөт

  • 6 месяцев мурун

25-27-октябрда Бишкекке Кытай мамлекеттик кеңешинин премьеринин расмий иш сапары, Монголиянын премьер-министринин жумушчу сапары жана ШКУнун, КМШнын өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйындары, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны күтүлүүдө. Ага байланыштуу мектептер жана балдар бакчалары онлайн окууга өткөрүлөт.

Ички иштер министрлиги билдиргендей, ал күндөрү коомдук тартипти жана жол коопсуздугун сактоого 4 миңге жакын кызматкер тартылат. Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүнө мал-маалы менен чектөө киргизилип турат.

Тышкы иштер министрлигинин билдиришинче, Монголиянын премьер-министринин жумушчу сапары 23-октябрда башталып, 25-октябрда аяктайт.

Кытайдын өкмөт башчысы Ли Цяндын мамлекеттик сапары 24-25-октябрь күндөрү болот.

Анда кыргыз бийлигинин башчылары менен жолугушуулар өтүп, бир катар документтерге кол коюлат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты