25-27-октябрда Бишкекте жана Чүй облусунун айрым көчөлөрүнө чектөө киргизилет

  • 6 месяцев мурун

25-27-октябрда Кытай мамлекеттик кеңешинин премьеринин расмий иш сапары, Монголиянын премьер-министринин жумушчу сапары жана ШКУнун, КМШнын өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйыны, Бишкектеги Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны күтүлүүдө, ага байланыштуу мыйзамдуулукту жана тартипти камсыз кылуу чаралары көрүлөт.

Бул тууралуу ички иштер министрлиги билдирди.

Бүгүнкү күндө ички иштер органдарынын күчтөрү жана каражаттары эсептелип, ага ылайык коомдук тартипти жана жол коопсуздугун сактоого 4 миңге жакын кызматкер тартылат.

Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүнө мал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат.

Алар:

— «Манас» эл аралык аэропорт жолу Бишкек шаарынын чегине чейин;

— Фучик көчөсү Бишкек шаарынын чегинен тартып, Чүй проспектисине чейин;

-Чүй проспектиси Фучик көчөсүнөн тартып, чыгышты карай Манас проспектисине чейин;

— Манас жана Ч.Айтматов көчөлөрү түштүктү карай, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына чейинки бөлүгү;

-«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынан тартып, «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине чейинки жолго да убактылуу чектөөлөр киргизилет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты