Бишкекте Леваневский көчөсүн капиталдык оңдоо иштери башталды
- 11 месяцев мурун
«Бишкек асфальт сервис» муниципалдык ишканасы борбор шаардын Леваневский көчөсүн Гагарин көчөсүнөн №136а үйнө чейинки бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштерин баштады.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы сайтында кабарлады.
Буга чейин капиталдык курулушка чейин даярдыктын алкагында кызыл сызыктан мыйзамсыз чыгып кеткен тосмолор демонтаждалган. 10дон ашык жеке менчик ээлеринин жанаша турган участоктордо демонтаждоо иштери жүргүзүлдү.
Курулуш иштери аяктагандан кийин Леваневский көчөсүнө жаңы асфальт төшөлүп, тротуар жана ирригация системасы менен жабдылат.
Сүрөт: bishkek.gov.kg
Муну бөлүшүү




