Бишкекте кыз ала качкан эки жаран кармалды (видео)
- 1 месяц мурун
Бишкек шаарында 2002-жылы туулган кызды ала качууга шектелип, 31 жана 30 жаштагы эки киши кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгы (РИИБ) билдирди.
Маалыматка ылайык, 5-февралда Ленин райондук милиция бөлүмүнө 2002-жылы туулган кыз арыз менен кайрылып, ошол эле күнү саат 23:40та аны ала качып кеткен «Б» жана «Э» аттуу эки жаранга чара көрүүнү өтүнгөн. Кыздын айтымында, бул эки жаран Арзамас көчөсүндө каршылык көрсөткөнүнө карабай күч колдонуп, аны Nissan үлгүсүндөгү автоунаага салып кетишкен. Бирок Жамгерчинов жана Садыгалиев көчөлөрүнүн кесилишинде алар көздөгөн максаттарына жете албай, кызды машинадан түшүрүп, белгисиз тарапка из жашырып кетишкен.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренесинин (Никеге туруу максатында ала качуу) негизинде кылмыш иши козголгон. Ыкчам-издөө иш чараларынын натыйжасында 1995-жылы туулган Б.Б. жана 1994-жылы туулган Ж.Э. кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалган. Учурда аларга карата тергөө иштери жүрүп жатканы белгилүү болду.
Ленин РИИБи жарандарга адамды уурдоо жана никеге турууга мажбурлоо кылмыш экендигин эскертип, мындай учурларды укук коргоо органдарына билдирип турууга чакырды.
Адамды никеге турууга мажбурлоо максатында уурдоо — оор кылмыш болуп саналат жана мыйзам боюнча кылмыш-жаза жоопкерчилигине алып келет. Иштин жагдайларына жараша мындай кылмыш үчүн 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.
Иллюстрациялык сүрөт: интернет булактары