Бишкекте Кыргызстандын мамлекеттик туусунун 30 жылдыгы белгиленүүдө

  • 2 года мурун

Бүгүн, 3-мартта, Бишкектин Борбордук Ала-Тоо аянтында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда өлкөнүн мамлекеттик туусунун 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өтүп жатат.

Президент Садыр Жапаров өлкөнүн туусу жана анын орду тууралуу сөз сүйлөдү.

«Эң алды ошол бир туунун астында биригип келген, өз кезеңинде улуу мамлекеттерди куруп, урпактарга мурастап кеткен бабаларыбызга таазим этүү менен бүгүнкү салтанаттуу иш-чарада мамлекеттүүлүктүн белгилеринин бири болгон мамлекеттик желегибиздин кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгы менен жалпы Кыргызстан элин чын жүрөктөн куттуктайм. Кыргыз мамлекеттүүлүгү мындан ары да чыңдалып, байрагыбыз бийик желбирей берсин!»- деди мамлекет башчы.

Кыргыз Республикассын дүйнөгө тааныткан Туубуз мындан 30 жыл мурда, 1992-жылдын 3-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан  кабыл алынган.

Анын авторлору — Сабыр Иптар уулу, Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Жусуп Матаев жана Маматбек Сыдыков.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты