Бишкекте кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны өтөт

  • 1 год мурун

Бүгүн, 29-мартта, Бишкек шаарында соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны өтөт.  

Жыйындын жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана келечегин талкуулоону пландаштырууда. 

Жыйынга Оруси өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук келди. «Манас» Эл аралык аэропортунда  конокту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын Биринчи орун басары Адылбек Касымалиев  тосуп алды.

Белгилей кетсек, комиссиянын теңтөрагалары болуп Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Орусия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук эсептелет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты