Бишкекте “Kyrgyz EXPO 2025” эл аралык көргөзмөсү ачылды
- 4 недели мурун
“Жаштык” спорттук аренасында “Kyrgyz EXPO 2025” эл аралык көргөзмөсү ачылды. Анын ачылышына Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана башкалар катышты.
Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Адылбек Касымалиев «Kyrgyz EXPO 2025» өнөктөштүк мамилелерди түзүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана алдыңкы тажрыйба алмашуу үчүн натыйжалуу коммуникациялык платформа болуп саналарын белгиледи. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Кыргызстан экономикалык өнүгүүнүн жана дүйнөлүк соода системасына интеграциялануунун жаңы этабында турганын белгиледи.
«Экономикадагы абал туруктуу жакшырууда. Биз өнөр жайды активдүү жандандырып, чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруудабыз. Ички дүң продуктунун жогорку өсүү темпи Кыргызстанды импорттоочу да, экспорттоочу да катары ишенимдүү өнөктөш катары кароого мүмкүндүк берет. Бюрократияны жоюунун, мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүнүн жана логистикалык инфраструктураны өнүктүрүүнүн аркасында өлкөдө ачык-айкын жана туруктуу ишкердик чөйрө түзүлүп, анда ишкер мамлекеттин толук кандуу өнөктөшү болуп калат», — деп белгиледи Адылбек Касымалиев.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 77 өнөр жай ишканасы ишке берилгенин белгиледи.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор шаарда өткөрүлгөн мындай демилгелер экономиканы көтөрүүгө, инвестиция тартууга жана ишкерлик борбору макамын бекемдөөгө кызматы кыларын билдирди.
Сүрөт: bishkek.gov.kg




