Бишкекте кургак учукка каршы оорукана бейтаптарды кабыл ала баштады

Бишкек шаарында ачылган кургак учукка каршы оорукана бейтаптарды кабыл ала баштады. Оорукананын курулушу Германия Өнүктүрүү Банкынын (KfW) «Кургак учук V» программасын ишке ашыруунун алкагында каржыланды.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Оорукана эл аралык жана улуттук инфекциялык көзөмөлдүн талаптарына ылайык курулган, ар бир бөлүмдүн кире бериштери атайын “чиптер” менен жабдылган. Ошондой эле, керектүү медициналык аппаратуралар менен камсыздалды: УЗИ, ЭКГ, рентген жана флюроаппараттар, биологиялык, кан жана ИФА анализаторлору, термостат, дистиллятор ж.б.

Вентиляция системасы медицина кызматкерлеринин жана бейтаптардын коопсуздугун камсыздап, кирип-чыгуучу абаны тазалоо үчүн атайын фильтрлер орнотулган. Жалпы канализацияга кирген суу жергиликтүү септик системасы аркылуу тазаланат.  

Буга чейин Бишкек шаарында кургак учукка каршы 128 орундуу жаңы оорукана ачылганы маалымдалган. Оорукананын курулушу Германия Өнүктүрүү Банкынын (KfW) «Кургак учук V» программасын ишке ашыруунун алкагында каржыланды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты