Бишкекте Германия өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен кургак учукка каршы оорукана курулду

  • 1 год мурун

Бишкек шаарында кургак учукка каршы 128 орундуу жаңы оорукана ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен маалымдашты.

Оорукананын ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова, Германиянын Кыргызстандагы элчилигинин жана Германия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү катышты.

Министрликтин маалыматына караганда, аталган оорукана Кургак учукка каршы күрөшүү программасынын алкагында Германия өнүктүрүү банкынын гранттык каражатына курулду. Ооруканынын курулуш иштерине 6,5 млн евро жумшалды.

Аянты 6 миң 590 чарчы метр болгон жаңы адистештирилген мекеме бардык эл аралык стандарттарга жооп берет.

Жаңы имаратта диспансер, клиникалык лаборатория, медициналык визуализация, кургак учуктан тышкаркы бөлүм, реанимация (ЖББ), көп дары-дармектерге туруктуулук бөлүмү жана кургак учуктун ачык түрү менен ооругандар үчүн бөлүм жана башка бөлүмдөр бар.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты