Бишкекте коомдук транспортто жүргүнчүлөрдү коркуткандар кармалды

Бишкекте коомдук транспортто жүргүнчүлөрдү коркуткан жарандар кармалды.

Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Социалдык тармактарда коомдук транспорттун ичинде отурган белгисиз адамдар жүргүнчүлөрдү коркутуп жаткан видео тараган.

Видеодо коркутуп жаткан жарандардын бири белгисиз нерселер менен куралданганын көрүүгө болот.

Бул факты Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын милиция бөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Ыкчам-иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) кызматкерлери алардын тек-жайын тактап, тергөө кызматына өткөрүп беришти. Алар мурда бир нече жолу соттолгон 1994-жылы туулган К.Ж жана 2005-жылы туулган А.Р. болуп чыкты.

Учурда иликтөө иштери уланууда.

Социалдык тармактарда ал окуянын видео тасмасы жарыяланды.

Сүрөт: Бишкек ИИБ.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты