Бишкекте өкмөттөр аралык кыргыз-орус комиссиясынын жыйыны өттү

  • 7 месяцев мурун

Бишкекте соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-орус комиссиясынын 26-жыйыны өттү.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин сайтында маалымат берилди.  

Жыйынды Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук алып барды.

Адылбек Касымалиев соода-экономикалык кызматташтык биздин эки тараптуу мамилелерибиздин структурасында салттуу түрдө борбордук орунду ээлейт деп билдирди.

Россия Кыргызстандын тышкы соода боюнча алдыңкы өнөктөштөрүнүн катарына ырааттуу түрдө ээ болуп, өткөн жылы биздин өлкөнүн тышкы соодасынын 22%ын түздү. Мен мурда белгилегендей, өткөн жылы өз ара сооданын көлөмү дээрлик 4 миллиард долларды (3,9 миллиард долларын) түздү.Белгилүү болгондой, биздин өкмөттөрдүн алдына бул көрсөткүчтү 5 миллиард долларга жеткирүү милдети коюлган жана биз ага карай ишенимдүү жана ырааттуу бара жатабыз,- деди Касымалиев.  

“Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүү боюнча улуттук программа Министрлер кабинети тарабынан кабыл алынган, анын негизги элементи болуп аймактык транзиттик-логистикалык хабды түзүү саналат. Бул долбоордун аймактык экономика үчүн стратегиялык маанисин эске алуу менен, биз Россия тарап менен тыгыз координацияга ишенебиз” деди министрлер Кабинетинин төрагасы.

Сүрөт: gov.kg  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты