Бишкекте “Келечек” конушунан “Үмүт” конушуна чейин №24 каттам иштей баштады
- 9 месяцев мурун
25-сентябрдан тартып Бишкектин “Келечек” конушун “Үмүт” конушу менен байланыштыра турган жаңы №24 автобус каттамы ишке кирди. Автобустар Элебесов, Киев, Бейшеналиева жана Фрунзе көчөлөрү аркылуу жүрөт.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Аталган багытта буга чейин №224 маршрут каттап келген. Эми алардын ордуна заманбап шаардык автобустар каттамга чыгат.
Бишкек шаарынын мэриясы төлөм жүргүзүүдө “Тулпар” картасын колдонуп же болбосо накталай эмес төлөм менен колдонууга чакырат.

Схема: Бишкек мэриясы
Иллюстрациялык сүрөт: Бишкек мэриясы
Муну бөлүшүү




