Бишкекте кампадан ири өрт чыкты
- 10 месяцев мурун
- Видео
Бишкек шаарынын Октябрь районунда бүгүн, 21-августта, Көк-Жар айылынын Ынтымак көчөсүндө жайгашкан кампадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Өрттү өчүрүүгө саат 11:55те Октябрь райондук №7 өрт куткаруу бөлүгүнөн 1, саат 12:15те Октябрь райондук №5 өрт куткаруу бөлүгүнөн 1, саат 12:24тө дагы 1, жалпы 3 бөлүм тартылган.
Кошумча ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын жана мэрия тарабынан 2 суу ташыгыч унаа (водовоз) чыгып, өрт өчүрүшкөн.
Жеке менчик даяр продукция сакталган кампанын ичинде жер-жемиш салуучу жыгач, желим ящиктер, малина, кулпунай жана башка жемиштер болгон. Болжол менен 1500 чарчы метр аянты күйгөн.
Өрттүн себеби такталууда.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!




