Бишкекте кайгуул кызматкери пара алууга шектелип кармалды

  • 2 года мурун

Ички иштер министрлигигин (ИИМ) ички иликтөө кызматына А.А. арыз менен кайрылып, анда июнь айында Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (ШИИББ) боюнча милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери жөнүндө билдирген. 

Бул тууралуу ИИмдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, текшерүү учурунда Бишкек шаардык ИИББи боюнча милициянын кайгуул  кызматкерлери автоунааны айдоо укугу соттун чечими менен бир жылга ажыратылган жаран башкарып жүргөн автоунааны айып короого киргизип, бирок 5 миң сом алып кое беришкендиги аныкталган.

Аталган факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси менен кылмыш иши  козголуп, 24-октябрда Б.Д. шектүү катары кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. 

Иликтөө иштери улантылууда. 

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты