Бишкекте көп кабаттуу үйдөгү өрттө бир киши жабыркап, ооруканага түштү  

  • 4 недели мурун

Бишкек шаарынын Октябрь районунун Токомбаев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 2-кабатында электр калканынан чыккан өрт саат 13:19да  өчүрүлдү.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди

Өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм жана штаб тартылган.

Өрттүн кесепетинен 54 жаштагы эркек киши түтүнгө ууланып, тез жардам кызматы тарабынан биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн. Абалы жакшы.

Октябрь районундагы Токомбаев көчөсүнүн №21/1Г дарегинде жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 2 кабатында электр калканынан өрт чыккандыгы тууралуу ӨКМге маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 11:18де райондон жалпы 3 бөлүм тартылган, саат саат 12:04тө Свердлов районунан дагы бир бөлүм тартылган  

Өрт өчүрүүчүлөр тарабынан жашоочулар эвакуацияланган.

Учурда өрттүн себеби такталууда.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты