Бишкекте көмүскө оюн-зоок жайынын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду
- 3 месяца мурун
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын (КИИБ) кызматкерлерине Бишкек шаарында кумар оюндарын уюштуруу фактылары боюнча маалымат түшкөн.
Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Белгисиз адамдар кумар оюндарын ойноочу шаймандарды колдонуу аркылуу оюн уюштуруп жүргөндүгү аныкталган. Бильярд клубунун атын жамынган жашыруун оюн-зоок жайында конспирация чаралары кылдаттык менен сакталган, ал жакка «өз кишилерин» гана киргизишчү.
Чогултулган материалдардын негизинде Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 219-1-беренеси «Оюн-зоок ишин мыйзамсыз уюштуруу» менен кылмыш иши козголгон.
21-январда Биринчи май райондук ИИБдин тергөөчүсүнүн тинтүү жүргүзүү жөнүндө токтомунун негизинде Жукеев-Пудовкин көчөсүндө жайгашкан Sun Club бильярд клубуна тинтүү иш-чаралары жүргүзүлгөн.
Сүрөт: ИИМ басма сөз кызматы