Бишкектин айрым райондорунда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт

  • 1 месяц мурун

Бишкек шаарында эртең, 11-ноябрда, саат 9:00дөн 20:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат.

Өчүрүү төмөнкү көчөлөр менен чектешет: Достоевский көчөсү, Анкара көчөсү, Ауэзов көчөсү жана темир жол тилкеси. Буга “Алты-Ордо”, “Кара-Жыгач” конуштары  жана Полиция шаарчасы кирет.

Суу «Контррезервуар» суу алуучу жайындагы жана шаардын суу менен камсыздоо тармактарындагы оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу токтотулат.

«Бишкек суу канал» ишканасы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана ишканалардан жана тургундардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты