Бишкекте Ибраимов көчөсүнүн батыш тарабы убактылуу жабылат
- 11 месяцев мурун
Бишкекте Ибраимов көчөсүнүн батыш тарабы Фрунзе менен кесилишкен жери жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.
Фрунзе көчөсүнүн Төрөкул Айтматов көчөсүнөн Касым Тыныстанов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жылуулук тармактарын алмаштыруу боюнча «Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы тарабынан иштер жүргүзүлүүдө.
Буга байланыштуу 24-июлдан тартып Фрунзе көчөсү менен Ибраимов көчөсүнүн кесилишкен жеринин батыш тарабы түтүктөрдү алмаштыруу үчүн жабылат. Иштин узактыгы 37 күн, 2025-жылдын 24-июлунан 30-августуна чейин болот.
Белгиленгендей, эки тараптуу кыймыл Ибраимов көчөсүнүн чыгыш тарабынан Огонбаев көчөсүнөн Жумабек көчөсүнө чейин уюштурулат.
“Бишкек жылуулук тармагы” муниципалдык ишканасы бул жагдайга түшүнүү менен мамиле кылып, каттамыңызды алдын ала пландап алууңуздарды суранат.
Сүрөт: Бишкек мэриясы




