Бишкекте футбол боюнча «Мурас» достук мелдеши өтөт

  • 2 года мурун

4-5-майда Бишкекте футбол боюнча «Мурас» достук мелдеши өтөт. Спорттук иш-чарага 12 команда катышат. Президент Садыр Жапаров да катышат.

Командалар төрт топко бөлүнөт:

• А тайпасы: Президенттин администрациясы, «Ден соолук», Жогорку Кеңеш;

• В тайпасы: «Өнөр», «Билим», «Ыйман»;

•С тайпасы: «Бизнес», «Элчилер», «Спорттук федерациялар»;

•D тайпасы: «Алга», «Аймактар», «Журналисттер».

4-майда тайпалык жана чейрек финалдык оюндар, 5-майда жарым финал, үчүнчү орун үчүн беттеш жана финалдык мелдеш болот.

Турнир Кыргызстандын футбол союзунун жана Президенттин администрациясынын демилгеси менен уюштурулган.

Оюндарды коомдук телерадиоберүү корпорациясы жана «КТРК Спорт» телеканалы түз алып көрсөтөт.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты