Борбор шаарда Фучик көчөсүндөгү оңдоо иштери аяктады

  • 2 месяца мурун

Бишкекте Фучик көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Дэн Сяопин проспектисине чейинки бөлүгүн оңдоп-түзөө иштери аяктады. Учурда жол кыймылы үчүн ачык.

Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.  

Бул тилкеге эки катмар асфальт төшөлүп, бордюрлар толугу менен жаңыланды. «Вокко» ЖЧКсы жол белгилерин орнотуп, жол белгилерин түшүргөн.

Кийинки этапта Дэн Сяопин проспектисинен Аска-Таш конушуна  чейинки бөлүгүн оңдоо пландалууда.

Ошондой эле Дэн Сяопин проспектисинен Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгү убактылуу жабылат — батыш тарабында жол кыймылы чектелип, чыгыш тарабы эки тилкелүү болуп уюштурулат.

Фучик көчөсү акыркы жолу 2003-жылы оңдолгон.

Сүрөт: bishkek.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты