Бишкекте электромобилдер гана жүрө турган «жашыл квадраттар» пайда болот

  • 1 год мурун

12-декабрда Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова абанын булгануусуна каршы көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтты.

Ал абада кара түтүндүн пайда болуусуна ЖЭБде, жеке секторлордо көмүрдүн колдонулушу жана автотранспорттон чыгып жаткан уулуу заттар себеп экенин айтты.

«Буга жаңы курулуштар таасирин тийгизүүдө – 47 жаңы конушта 53 миң үй чарбасы сапатсыз көмүр менен жылытылып жатат»деп түшүндүрдү Кутманова.

Ал Кырызстан уулуу газдын абага бөлүнүп чыгуусун 2030-жылга карата 44% кыскартуу боюнча милдеттеме алганын эске салды Министрдин айтымында, бул милдеттенмелерди аткаруу үчүн 6 млрд 700 млн долларга бир нече долбоорлор иштелип чыкты, анын бир бөлүгү макулдашылды.

Кутманованын айтымында, 2023-жылдын башынан тарта Бишкектеги көп кабаттуу 500 үйдү жылуулоо үчүн нанотехнологияларды киргизүү боюнча долбоорлор башталат. Бул жылуулукту 40% үнөмдөөгө мүмкүндүк түзөт. 500 үйдө жылуулук насостору орнотулат.

«Мындан тышкары 20 млн долларга бааланган долбоор макулдашылды. 2023-жылдын биринчи чейрегинде жашыл маршруттарды, жашыл линияларды жана квадрттарды киргизе баштайбыз. Мындай жайларда электромашиналар менен электробустар гана жүрө алат. Биз 200 такси жана 100 бусту алып келебиз. Мындан тышкары көмүр от казандарын модернизациялоо каралууда, мунун натыйжасында уулу газдардын чыгуусун 50% азайтуу күтүлүүдө» деди Кутманова.

Ал көмүрдүн сапатын иликтөө үчүн лабораторияларды жабдуу боюнча үстөксүз насыя алынганын кошумчалады.

11-декабрда абадагы зыяндуу РМ 2,5 заттарынын көлөмү максималдык көрсөткүчкө жетип, 288 деген сан менен дүйнөдөгү эң булганыч шаарлардын сап башына чыкты. Бул тууралуу дүйнөлүк абанын сапатынын индексин иликтеген World Air Quality Index порталы маалымдаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты