Бишкекте эки жол кесилиши унаа кыймылы үчүн жабылат

  • 1 месяц мурун

3-июндан 10-июнга чейин жолдорду реабилитациялоо алкагында Медеров/Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилиши жана Медеров/Элебаев көчөлөрүнүн кесилиши убактылуу унаа кыймылы үчүн жабылат.

Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Унаалардын тоскоолдуксуз жүрүшүн камсыз кылуу максатында Матросов көчөсү айланма жол катары ачылат.

Бишкек шаарынын мэриясы жол тыгындарын алдын алуу үчүн маршрутту алдын ала пландап, мүмкүн болушунча жеке унаалардын ордуна коомдук транспортту колдонууга чакырат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты