Бишкекте эки көчөнүн айрым бөлүктөрү оңдоп-түзөө иштерине жабылат

  • 7 месяцев мурун

Бишкек шаарында 20-майда эки көчө — Лев Толстой көчөсү Ибраимов көчөсүнөн Логвиненко көчөсүнө чейин жана Москва көчөсү Асаналиев көчөсүнөн Фучик көчөсүнө чейин калыбына келтирүү иштери үчүн жабылат.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.  

Мунун негизинде, оңдоп-түзөө иштери бүткөнчө №195, 227, 8Т, 10Т, 4Т, 23, 107, 103, 7Т жана 222 автобустун жүрүү кыймылына убактылуу өзгөртүүлөр киргизилет.

Бишкек шаарынын мэриясы ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды суранып, алдын ала жолуңузду пландап, мүмкүн болсо жеке унаанын ордуна коомдук транспортту пайдаланууга чакырат.

Бишкекте эки көчөнүн айрым бөлүктөрү оңдоп-түзөө иштерине жабылат

Сүрөт: Бишкек мэрия

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты