Бишкекте дрон менен батирлерди мыйзамсыз видеого тарткан киши суракка алынды

  • 2 месяца мурун

Милиция кызматкерлери Бишкек шаарындагы батирлерди жашыруун видеого тартууга шектелген кишини суракка алышты.

Бул тууралуу 27-майда Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн (РИИБ) басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын маалыматына караганда, 25-майга караган түнү РИИБге Чуйков көчөсүндө бир адам дрон менен батирлерди мыйзамсыз тартып жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери чындап эле батирлер дрондон тартылганын аныкташкан. Милицияга бул маселе боюнча бир нече жергиликтүү тургун кайрылган.

Алар 24-май күнү түнүчүндө унаасында отуруп алып дрондун жардамы менен «аялдар жарым жылаңач жүргөн батирлерди видеого тартып алган» жигитке чара көрүүнү суранышкан. Окуянын негизинде кылмыш-жаза кодексинин 190-беренеси («Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу») боюнча кылмыш иши козголду. Милиция кызматкерлери 1989-жылы туулган С.Э аттуу жаранды суракка алып, андан соң эч жакка кетпөө тилкаты менен коё беришкен.

Окуянын видеосу буга чейин социалдык тармактарда тараган. Кадрларда жергиликтүү тургундар дронду башкарып бараткан адамды кантип таап алганы көрсөтүлгөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты