Бишкекте дипломатиялык корпустун катышуусунда жашылдандыруу акциясы өттү
- 4 недели мурун
Бүгүн, 22-мартта, Бишкектеги «Адинай» паркында эки айлык ишембиликтин алкагында дарак отургузуу акциясы өттү.
Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарага тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, Кыргыз Республикасында аккредитацияланган дипломатиялык миссиялардын жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн башчылары, ошондой эле тышкы иштер министрлигинин жетекчилиги катышты.
Акциянын жүрүшүндө шаардагы абанын сапатын жакшыртуу жана шаарды көрктөндүрүү максатында 50 даана шун (ясень) дарагынын көчөтү отургузулду.
“Борбор калаабызды жашылдандыруу боюнча биргелешкен аракеттер келечек муундар үчүн туруктуу жана жашоо-шартка ыңгайлуу шаар түзүүгө өбөлгө болоруна ишенебиз” деп белгиледи министр иш-чаранын катышуучуларына кайрылып.
Иш-чаранын катышуучулары ушул сыяктуу демилгелердин маанилүүлүгүн белгилеп, келечекте да аларды колдоого даяр экендиктерин билдиришти.
Сүрөт: ТИМ басма сөз кызматы
Муну бөлүшүү