Бишкекте Дэн-Сяопин проспектисинин түштүк тарабы оңдоо иштерине жабылат
- 2 месяца мурун
Бишкекте 24—февралдан тартып Дэн-Сяопин проспектисинин түштүк тарабы Фучик көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейинки 4,458 км аралыгы оңдоо иштерине убактылуу жабылат.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Аталган тилкеде оңдоо иштери суу түтүктөрүн алмаштыруу зарылдыгына байланыштуу эрте башталат. Андан сырткары, жол катмарын алуу, кеңейтүү, бордюрларды жаңылоо, асфальт катмарын жаңылоо иштери жүргүзүлөт.
2025-жылы аталган проспекттин түндүк тарабы оңдоп-түзөө иштеринен өткөн.
Графикке ылайык, оңдоо иштери үч этапка бөлүнөт, ал эми участокторду бир айдын ичинде четинен ачуу пландаштырылууда.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




