Бишкекте ден соолукту чыңдоо комплекси ачылды

  • 2 месяца мурун

Бишкек шаарынын Трудовая көчөсү, 4 дарегинде дене тарбия-ден соолукту чыңдоочу комплексинин салтанаттуу ачылышы болду. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.

Маалыматта айтылгандай, комплекстин ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, шаардык кеңештин жана Жогорку Кеңештин депутаттары жана башкалар катышты.  
Дене тарбия-ден соолукту чыңдоочу комплекс эки кабаттан турат. Имараттын жалпы аянты – 1 756,20 м², жер тилкесинин аянты – 0,49

Комплексте процедуралык кабинет, медициналык бөлмө, изолятор, гардероб жана душ кабиналары, кийим чечүүчү жайлар, телескопиялык трибуналары, күрөш залы, машыгуу залы, машыктыруучулардын кабинети, жетекчилик үчүн бөлмөлөр, санитардык түйүндөр жана коридорлор бар.

Курулуш иштерин «Лидер Хаус» ЖЧК подряддык уюму аткарган. Долбоор Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан ишке ашырылды.

Сүрөт: bishkek.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты