Бишкекте Чыңгыз Айтматов проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылат
- 2 месяца мурун
2026-жылдын 1-январынан тартып Бишкек шаарында Чыңгыз Айтматов проспектисинин Семетей көчөсүнөн АалыТокомбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабылат.
Бул чара жөө жүргүнчүлөр үчүн жер алдындагы өтмөктү жана аялдама комплекстерди куруу иштеринин башталышына байланыштуу кабыл алынууда.
Тиешелүү чечим 1-январдан тартып майрамдык эс алуу күндөрүн эске алуу менен ишке ашырылууда.
Борбор калаанын тургундарынын жана конокторунун коопсуздугун камсыз кылуу максатында, курулуш мезгилинде бул жердеги жол кыймылы убактылуу чектелет. Айдоочуларга алдын ала альтернативдүү жолдорду тандап алуу жана жол белгилерине жана убактылуу белгилерге көңүл буруу сунушталат.
Бишкек шаарынын мэриясы бул убактылуу ыңгайсыздыкка түшүнүү менен мамиле кылууну суранат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




