Бишкекте бир катар аймактарда таза суу убактылуу токтотулат
- 8 месяцев мурун
Эртең, 14-мартта, «Алтын- Ордо», «Кара-Жыгач», «Полицейский городок» аймагында таза суу берүү токтотулат.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Ошондой эле өчүрүү аймак төмөнкү көчөлөр менен чектелет: Достоевский көчөсү, Анкара Ауэзов көчөлөрү — темир жол.
Турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки балдар мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерде саат 9:00дөн 18:00гө чейин ичүүчү суу болбойт.
Ичүүчү сууну өчүрүү «Контррезервуар» суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү