Бишкекте башкы балатыны алуу иштери башталды

  • 1 год мурун
Бишкекте башкы балатыны алуу иштери башталды

Бишкекте башкы балатыны алуу иштери башталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Ала-Тоо» аянтында өлкөнүн башкы балатысын, ошондой эле жаңы жылдык балатылардын бардык конструкцияларын жана жаңы жылдык жасалгалоо элементтерин алуу иштери башталды.

Жаңы жылдык жасалганы «Тазалык» жана «Бишкекжарык»муниципалдык ишканаларынын кызматкерлери алышат. Карагайдын каркасы жана ийне жалбырактуу бутактар «Тазалык» муниципалдык ишканасында сакталат. Балатынын жасалгалары жана инсталляциялары тыкан ажыратылып, таңгакталып «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасынын кампасында кылдаттык менен сакталат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты