Бишкекте банктан 8 миллиондон ашык сомду алдамчылык менен чыгарып кетишкен. Шектүүлөр камакка алынды   

  • 2 месяца мурун

2-июнда Кыргыз Республикасынын банктарынын биринин өкүлү Ленин РИИБге акча каражаттарын белгисиз адамдар мыйзамсыз чыгарып кеткендиги тууралуу арызы менен кайрылган. Банктан жалпы суммасы 8 миллион 28 миң 289 сом акчаны мыйзамсыз чыгарып кетишкен.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.  

Бул факт тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси, алдамчылык боюнча кылмыш иши козголгон.

Иликтөө жана ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1995-жылы туулган Т.Т. жана 1984-жылы туулган Б.М. тергөө кызматына жеткирилген. Шектүүлөр кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Тергөө ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, кылмышка шектүүлөрдүн бири акчасын алдырган банктын кызматкери болуп, жеке кызыкчылыгын көздөп, кызмат абалынан кыянат пайдалангандыгы аныкталган.

Тергөө иштери улантылып жатканы кабарланды.

Сүрөттө: Шектүүлөр. Ленин РИИБ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты