Бишкекте балдар үчүн тез жардам ооруканасы курулууда  

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров 1-сентябрда Бишкек шаарындагы балдардын медициналык тез жардам ооруканасынын жаңы имаратынын курулушуна старт берди. 

Президент Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан бөлүнгөн каражатка  балдар үчүн заманбап жогорку технологиялык медициналык жабдуулар менен ыңгайлуу шарттар түзүлгөн жаңы оорукана 2025-жылга чейин курулуп бүтөрүнө ишеним артты.

Төрт кабаттуу хирургиялык имараттын курулушу Сауд өнүктүрүү фондунун жеңилдетилген насыясынын эсебинен каржыланат. Жаңы имаратта 212 керебет жана 8 операциялык бөлүм болот: шашылыш хирургия, нейрохирургия, неонаталдык хирургия, хирургиялык инфекция, көкүрөк хирургиясы ж.б.у.с. болот.

Ошондой эле имаратта радиология, реанимация проктологиясы жана токсикология, жаңы төрөлгөн ымыркайлардын реанимациясы, урология, травматология бөлүмдөрүн, морфологиялык кабинет, лабораториялык блок ж.б. жайгаштыруу пландалууда.

Сүрөт: presiden.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты