Бишкекте “Азиз” базарындагы контейнерден өрт чыкты
- 4 недели мурун
- Видео
Бүгүн, 15-декабрда, Бишкек шаарынын Биринчи май районунда Махатма Ганди көчөсүндө жайгашкан «Азиз» базарында контейнерден өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз борбору билдирди.
Өрттү өчүрүүгө жалпы 8 өрт өчүрүүчү унаа жана штаб, ыкчам топ тартылган. Бишкек суу каналынан үч суу ташуучу унаа да жардамга келген. Жеринде өрттү толук өчүрүү иштери жүрүүдө.
Өрттүн аянты болжол менен 500 чарчы метрди түзөт.
Өрттү өчүрүү саат 8:58ден бери улантылууда.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!




