Бишкекте Азербайжан искусство чеберлери концерт тартуулашты

  • 2 месяца мурун

Кечээ, 21-апрелде, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Азербайжандын маданият күндөрүнүн алкагында Азербайжан искусство чеберлеринин гала концерти өттү.

Маданият министрлигинин маалыматы боюнча, иш-чарага маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, Азербайжан маданият министри Адиль Габиль оглы Керимли, ошондой эле Азербайжандагы элчи, маданият ишмерлери жана кеңири коомчулук катышты.

Маданият министри Мирбек Мамбеталиев кыргыз жана азербайжан элдерин көп кылымдык тарых, бай маданий мурастар, каада-салттар жана руханий баалуулуктар байланыштырып турарын айтты.

Гала концертте Азербайжан элинин улуттук ыр-бийлери жаңырды. Ошол эле учурда азербайжан улуттук аспаптарынын коштоосунда кыргыз элинин классикалык чыгармалары аткарылды.

Маданий иш-чаралар бүгүн дагы уланат.

Азербайжан өнөрпоздорунун маданий программасы бул шилтемеде.  

Бишкекте Азербайжан искусство чеберлери концерт тартуулашты

Сүрөттөр: Маданият министрлиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты