Бишкекте аялын ур-токмокко алууга шектелген жаран кармалды

  • 2 месяца мурун

19-февралда Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына А.Х. аттуу жаран арызы менен кайрылган. Анда, М.М. аттуу жолдошу ошол күнү саат болжол менен 21:30 чамасында ур-токмокко алып, кандайдыр курч нерсе менен денесине жаракат келтиргенин айткан.

Аталган факт боюнча тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесине (Уруп-сабап кыйноо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Бул тууралуу Свердов районунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

“Тергөөнүн жүрүшүндө М.М. аттуу жаран үй-бүлөлүк зомбулук фактылары боюнча Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси боюнча бир нече жолу жоопкерчиликке тартылганы аныкталган. Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү 1988-жылы туулган М.М., аттуу жаран аныкталып, Свердлов РИИБдин тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасын КЖПКнын 96-беренесине ылайык, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди” деп айтылат маалыматта.

Кылмыш-жаза кодексине ылайык, дайыма үй-бүлөлүк зомбулук көрсөткөн жарандарга үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу чарасы каралган.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты