Бишкекте аялын өлтүрүүгө шектүү убактылуу камак жайына киргизилди
- 3 недели мурун
Бишкек шаарынын тургуну аялы менен уруша кетип, аны өлтүрүп алганын милицияга 19-январда саат 20:28де телефон аркылуу кабарлаган.
Бул тууралуу Ленин райондун ички иштер башкармалыгы билдирди.
Ал жарандын айтуусу боюнча, 18-январда аялы менен уруша кетип, өлтүрүп алган. Милиция окуя болду деген дарекке барып, окуянын чоо-жайын териштирген жана кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси («Киши өлтүрүү») беренеси менен кылмыш ишин козгогон.
51 жаштагы С. И. аттуу милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Окуя боюнча териштирүү улантылууда.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү