Бишкекте автобустар үчүн газ куюучу жай ачылды

  • 2 месяца мурун

«Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасынын» автобазасында жаңы автобустар үчүн газ куюучу станция иштей баштады.

Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы кабарлады.

Станциянын автобазанын аймагында жайгашканы айдоочулар үчүн бир катар артыкчылыктарды жаратты. Станцияга баруу жана кезек күтүү чыгымдары азайды.

Айдоочулар маршруттан келгенден кийин дароо автобустарга май куюп, эртеңки маршрутка даяр кылып калтырышат. Күнүнө 100 автобуска газ толтурууга кубаты жетет. Жакында кубаттуулук дагы да көбөйтүлөт.

Шаарда 600дөн ашуун жаңы автобус иштеп жатат. Ушул айдын аягында Кытайдан дагы 500 автобус келет. Шаар боюнча каттаган микроавтобустар толугу менен автобустарга алмаштырылат.

Миңден ашык автобусту жайгаштыруу үчүн «Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасы» экинчи автобазанын аймагын ирээтке келтирип, Кустанай көчөсүндө жайгашкан имараттарды оңдоп-түзөөдөн өткөрүүдө. Ал жакта дагы газ куюучу станция курулат.

Сүрөт: Бишкек мэриясы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты