Бишкекте Ала-Арча дарыясынын үстүндөгү “111” бары алынууда

  • 1 месяц мурун

Жерди пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы Ала-Арча дарыясынын үстүндөгү 10-кичирайондо жайгашкан “111” барын бузуу иштерин жүргүзүүдө.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, бүгүнкү күнгө чейин Аламүдүн дарыясынын жээгинде жайгашкан тиешелүү уруксаат документтери жок 44 объект демонтаждалган. Буга чейин аталган объект боюнча шаардык кызматтар сотторго доо арыз менен кайрылган.

Кыргыз Республикасынын сот органдары муниципалдык бийлик органдарынын талаптарын канааттандырышты.

“Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4-беренесине ылайык, ошондой эле

“Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык көпүрөгө тургузулган объект муниципалдык менчик болуп саналат. Кырсык болгондо мындай объектилер чоң коркунуч жаратат.

Белгилей кетсек, бул багыттагы иштер улантылат” деп айтылат маалыматта.

Сүрөт:  Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты