Бишкекте Аль-Фараби атындагы Казак университетинин филиалы иштей баштайт
- 2 жыл мурун
- Фоторепортаж
Президент Садыр Жапаров менен Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев 26-майда, Бишкектеги Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин филиалына барышты.
Ректор Жансейит Түймебаев мамлекет башчыларына имаратты кыдыртып экскурсия кылып, билим берүү мекемеси тууралуу айтып берди.
Филиалды ачуу чечими Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровдун 2021-жылдын март айында Казакстанга болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыгында кабыл алынган. Бир жылдын ичинде филиал лицензия алды.
Студенттер бүгүнкү күндө Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө талап кылынган IT-технологиялары, тоо кен иштери, жаратылыш ресурстарын пайдалануу, туризм ж.б. адистиктер боюнча билим алышат.
Ага Казакстандагы башкы университеттин өзүнөн профессордук-окутуучулар курамынын 30%ы тартылса, 70% окутуучулар Кыргызстандан болот деп пландалууда.