Бишкекте адистештирилген техника жана автобустарды тапшыруу аземи өттү  

Бүгүн, 1-февралда, Бишкек шаарында  өзгөчө кырдаалдар министрлигине, саламаттык сактоо министрлигине жана Бишкек шаардык мэриясына жаңы адистештирилген техникаларды тапшыруу салтанаты өттү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин муктаждыктары үчүн Кытайдын гранттык каражаттарынын негизинде келген 100 даана автотехника — 85 өрт өчүрүүчү унаа, авариялык-куткаруучу 10 унаа, 3 автотепкич жана 2 штаб үчүн унаалар тапшырылды. Бул техника өлкөнүн бардык аймактарына бөлүштүрүлүп берилет.

Саламаттык сактоо министрлиги үчүн республикалык бюджеттин эсебинен 33 тез жардам унаасы сатылып алынды, алар да өлкөнүн бардык аймактарына бөлүштүрүлөт.

Мындан тышкары Бишкек шаарынын мэриясы республикалык бюджеттин эсебинен газ менен жүрүүчү жүргүнчү ташуучу 120 автобус сатып алды. Муниципалитетке дөңгөлөктүү тракторлор, багбанчылык машина-экскаваторлор, кран-манипулятор ж.б. сатып алынды.

Мамлекет башчы “Ала-Тоо” борбордук аянтына коюлган жаңы техникаларды көрүп чыгып, алардын тактикалык жана техникалык мүнөздөмөлөрү менен таанышты.

Президент өз сөзүндө Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинге ыраазычылык билдирип, бүгүн кубанычтуу күн экенин — Кытай Эл Республикасы тарабынан гранттык негизде өзгөчө кырдаалдар министрлигине заманбап, кубаттуу атайын техникалар тапшырылып жатканын баса белгиледи.

Ошондой эле өлкөнүн бюджетинин эсебинен сатылып алынган тез жардам унаалары жана борбор шаарыбыздын калкын тейлөө үчүн автобустар тапшырылды.

«Сиздер өзүңүздөр күбө болгондой, бүгүнкү тапшырылып жаткан 100 даана өрт өчүрүүчү унаадан сырткары, жакында эле заманбап 2 тик учак, 58 өрт өчүрүүчү унаа, 81 инженердик техника жана 34 ар түрдүү техника сатып алганбыз. Жакында Россиядан 20 миллион долларга жакын суммага жардам иретинде 40 өрт өчүрүүчү техника жана бир Ми-8 тик учагы келет. Ошондон кийин ӨКМ жакынкы 15-20 жылга керектүү техника менен камсыз болот» деди мамлекет башчы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты