Бишкекте абанын тазалыгын сактоо боюнча текшерүү жүрүүдө  

  • 1 месяц мурун

Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы 2025-жылдын башынан бери экологиялык талаптардын аткарылышын көзөмөлдөө максатында 204 рейддик иш-чара жүргүздү.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.

11 айдын ичинде өнөр жай ишканалары, мончо, сауна жана жеке турак үйлөрдү камтыган 650дөн ашуун объект текшерилди. Кургак чөптү, тиричилик, курулуш жана тигүү өндүрүшүнүн калдыктарын өрттөө фактылары боюнча укук бузуулар жөнүндө кодекстин 115-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, 290 протокол түзүлүп, жалпысынан 2 млн 903 миң 500 сом айып пул салынды.

Муниципалдык инспекция шаар тургундарына жана уюмдарга тиричилик таштандыларын, кургак чөптү жана башка таштандыны өрттөөгө тыюу салынарын эскертет.

Белгиленген эреже бузган учурда жеке жактар үчүн — 7 500 сом, юридикалык жактар үчүн — 23 миң сом айып пул каралган.

Сүрөт: bishkek.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты