Бишкекте Абай Кунанбай уулунун айкели ачылды

Президент Садыр Жапаров менен Казакстандын  Президенти Касым-Жомарт Токаев 26-майда Бишкек шаарында казак жазма адабиятынын негиздөөчүсү, акын жана кара сөздүн чебери Абай Кунанбай уулунун айкелин бирге ачышты.

Садыр Жапаров өз сөзүндө төмөнкүлөрдү белгиледи:

«Бул айкелдин кыргыз жергесинде тургузулушу Казакстанда эле эмес, Кыргызстанда да Абай Кунанбай уулунун улуу жолуна, чыгармачылыгына, сөз касиетине өзгөчө урмат менен мамиле жасаларын айгинелейт. Айкөл Манас менен Көкчөдөй баатырларды, Токтогул менен Абайдай акындарды, Чыңгыз менен Мухтардай улуу жазуучуларды жараткан асыл эл экенибизди дагы бир жолу даңазалайт» деди.

Өз кезегинде Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев Абай Кунанбай уулунун эстелигинин Бишкекте ачылышы кыргыз элинин казак элине болгон өзгөчө урматынын белгиси экенин белгиледи.

Казакстандын Президенти акындын «Кыргыз менен казактын бир тукумдан экенин эч ким талашпайт» деп айтканын мисал келтирди. 

Ал белгилегендей, жакынкы арада тилектештиктин белгиси катары Казакстанда Манастын эстелиги орнотулат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты